Верховенство права в Кыргызской Республике – 2-я фаза
15 Апреля 2021
  • Главная
  • Компоненттер
  • Сот органдарынын кесипкөйлүгүн, бейтараптуулугун, ачык-айкындуулугун жана жоопкерчилигин күчөтүү

Бул компоненттин алкагында Программа сот органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга умтулуп, Жогорку сот жана башка сот мекемелери менен тыгыз кызматташууда. Программа муну "Соттун АИСи" сотторду Программаны башкаруу боюнча программалык камсыздоонун иштешин жана колдонулушун кеңейтүү жолу менен жүзөгө ашырып жатат. Бул аракеттер соттордун башкаруучулук жана административдик потенциалын жакшыртуу, ошондой эле негизги укуктук жана жол-жоболук маселелерди чечүүдө Жогорку соттун жана бардык жергиликтүү соттордун
дараметин жогорулатуу максатын көздөйт. Мындан тышкары Программа соттордун жана сот кызматкерлеринин кесипкөй карьерасын талаптагыдай өнүктүрүү үчүн механизмдерди өркүндөтүү боюнча негизги сот органдарына колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле сот корпусу үчүн кесипкөй окууларды пландоо жана өткөрүү процессин жакшыртууда Сот адилеттигинин Жогорку мектебине колдоо көрсөтүп келатат. Программа сот аткаруучулардын кесипкөй көндүмдөрүн өнүктүрүү жана натыйжалуу маалыматтык технологияларды киргизүү жолу менен сот чечимдерин аткарууда натыйжалуулукту жогорулатууга умтулат. Мындан сырткары Программа Конституциялык палатанын институционалдык өнүгүүсүнө, Административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамды жана Административдик-процесстик кодексти ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө умтулат. Муну максаттуу окууларды уюштуруп, юридикалык комментарийлерди даярдап, жогорку окуу жайлар үчүн жаңы окуу программаларын даярдоо жолу менен ишке ашырууда.

Бардык жаңылыктар

Апрель 2021

Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30