Верховенство права в Кыргызской Республике – 2-я фаза
15 Апреля 2021

Бул компонент эки максатты көздөйт: өкмөттүн деңгээлинде мыйзам жаратуу процессин модернизациялоо; аны бир жагынан мындан дагы көптү камтыган жана ачык-айкын кылуу, экинчи жагынан сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жакшыртуу. Айрым мыйзам чыгаруу актыларын өркүндөткөндөн тышкары, Программа төмөнкүдөй чөйрөлөрдөгү аракеттерди колдойт: ченем жаратуучу процессти санариптештирүү; жаңы колдонмолорду иштеп чыгып, ченем жаратуу жаатындагы эксперттердин кесипкөй көндүмдөрүн өнүктүрүү жолу менен ченем жаратуучу пайдубалды бекемдөө; ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкууга чыгаруу үчүн жаңы санарип порталды иштетүү жолу менен ченем жаратуу процессинде жарандык коомдун катышуусун активдештирүү. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында
Программа мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасынын жана КР Адвокатурасынын мындан кийинки институционалдык өнүгүүсүнө, аны менен кошо кесипкөй көндүмдөрүн жогорулатууга колдоо көрсөтүүдө. Мындан тышкары Программа соттордун басма сөз
катчыларынын, журналисттердин жана соттордун кесипкөй көндүмдөрүн жакшыртуу аркылуу соттор менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүдө. Ошондой эле Программа аялуу топторго берилген кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп, Парламентке коррупция менен күрөшүү боюнча көзөмөл потенциалын жана функцияларын бекемдөөгө жардам берип келатат. 

Бардык жаңылыктар

Апрель 2021

Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30