Верховенство права в Кыргызской Республике – 2-я фаза
15 Апреля 2021

20 жылдан бери ырааттуу жүргүзүлүп келаткан укуктук реформалардан кийин да Кыргызстан Өкмөтүнүн укук үстөмдүгүн бекемдей берүү ниети мурдагыдай эле бекем. Учурда укук үстөмдүгү "2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын" өзөктүк артыкчылыктарынын бири болуп
саналат. Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү Өкмөттүн мындай умтулуусун “Кыргыз Республикасында укук үстөмдү-
гү” Программасы (ROLPRO) аркылуу колдоп жатат. Бул Программа экинчи фазага өттү. 

"Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү - 2-фаза" Программасы GIZ’дин "Борбор Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөктөшүү" Регионалдык программасынын Компоненти болуп эсептелинет. Программаны Европа Биримдиги каржылайт. 
Программанын мөөнөтү: 2018-жылдын май айынан 2022-жылдын ноябрь айына чейин
Бюджети: 13,8 млн. евро
Географиясы: Кыргыз Республикасы
Донорлор: Европа Биримдиги жана Германиянын
Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча
федералдык министрлиги (BMZ)
Аткаруучу мекеме: Эл аралык кызматташтык боюнча
Германия коому [Deutsche Gesellschaft für Internationale
Zusammenarbeit (GIZ) GmbH].
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өнөктөш
уюмдары

• Даниянын Адам укуктары боюнча институту (DIHR)
• Людвиг Больцман атындагы Адам укуктары боюнча
институт (BIM)
• Германиялык эл аралык укуктук кызматташтык фонду (IRZ)
• Эл аралык укуктук кызматташтык боюнча агенттик (JCI)
• Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм (IDLO).
Өнөктөш уюмдар:
• Юстиция министрлиги
• Өкмөт Аппараты
• Жогорку сот (анын ичинде Сот департаменти; басма сөз
кызматы, жергиликтүү соттор, «Адилет Сот» МТМ)
• Конституциялык палата
• КР Адвокатурасы
• Жарандык коом / Коомдук кеңештер / Чакан Коомдук
кеңештер
• Соттордун, прокурорлордун жана адвокаттардын Окуу
борборлору
• Тартип комиссиясы; Соттор кеңеши; Сотторду тандоо
кеңеши
• Акыйкатчы институту
• Башкы прокуратура
• ЖК Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети
• ЖК Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана
коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети.
 

Бардык жаңылыктар

Апрель 2021

Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30